Астана эл аралык форумунда Евразия аймагынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Астана эл аралык форумунда Евразия аймагынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Астанада «Борбор Азия – Италия» саммити башталды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев иш-чарага катышкан мамлекет башчылары менен жолугушту. Астанага Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын лидерлери келишти. Саммитке Италиянын Премьер-министри катышууда. Тараптар аймактар аралык соода, инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, экология, билим берүү жана илим маселелерин талкуулашат. Белгилей кетсек, Италия Евросоюздун С5+1 форматындагы диалогго кошулган жана Борбор Азия аймагынын стратегиялык маанисин тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири.

Которгон: Илгиз Жамалбеков