Казакстандын президенти эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин башчысын кабыл алды

Казакстандын президенти эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин башчысын кабыл алды

Казакстан учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөөнү кыйла күчөттү. Республика аймакта биринчи болуп көз карандысыз Авиациялык администрацияны түздү. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда Эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин президенти Сальваторе Шаккитано биздин өлкөнү бул тармактагы жетишкендиктери менен куттуктап, анын динамикалуу өнүгүүсүн жана так түзүлгөн структурасын белгиледи. Бүгүнкү күндө Казакстан эл аралык ташуулардын географиясын активдүү кеңейтүүдө. Түз аба каттамы 30дан ашык өлкө менен түзүлдү, ошол эле учурда Нью-Йорк, Токио жана Сингапурга жаңы каттамдарды ачуу маселеси иштелип жатат. Республика ири авиахаб болууга умтулуп, бул үчүн бир катар конкреттүү кадамдарды жасоодо. Мисалы, өткөн жылы Шымкент, Кызылорда, Алматы шаарларында жаңы терминалдар ишке киргизилди. Акыркы аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү алты эсеге - жылына 2,5 миллиондон 14 миллион жүргүнчүгө чейин көбөйдү. Казакстан жана ICAO жарандык авиациянын мастер-планына кол коюунун маанилүүлүгүн баса белгилешет - бул, чындыгында, авиация секторун узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясы. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев Сальваторе Шаккитанону авиация тармагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн I даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Кототргон: Назира Бегалиева