Энергетика, мунай-химия өнөржайы, жол куруу, айыл чарба
жана башка негизги тармактарда өнөктөштүктүн азыркы абалы менен аны чыңдоонун келечектери.
Президент бул маселелерди CITIC Group компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы менен талкуулады.
Касым-Жомарт Токаев Актау битум заводун жаңылоо долбоорун натыйжалуу жана
мөөнөтүнөн мурда ишке ашырганы үчүн корпорацияга ыраазычылык билдирди. Си
Гохуа CITIC Group мунай иштетүүчү заводдорду модернизациялоо, мунай куурларын
тартуу, Борбордук-Батыш автожолун оңдоо, дан эгиндерин кайра терең иштетүү боюнча
долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну көздөп жатканын билдирди. Мамлекет
башчысы Казакстан менен Кытайдын ортосундагы байланыштарды чыңдоо боюнча
жигердүү иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

