Касым-Жомарт Токаевге Улуттук банк үстүбүздөгү жарым жылдыкта жүргүзгөн акча-насыя саясатынын жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Тимур Сулейменов жылдык инфляция басаңдап, ата мекендик экономикада инфляцияга каршы факторлор сакталып калганын айтты. Муну менен катар ал Бириккен сактык пенсиялык фондунун активдеринин жана алтын-валюта резервинин абалына токтолду. Учурда Казакстандын каржысын алдамчылардан коргоо үчүн алдамчылыкка каршы борбор түзүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Улуттук банктын төрагасы бул тууралуу жана Улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн жүрүшү жана ачык банк ишинин принциптери тууралуу айтып берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков