Казак-америка мамилелердин негизги тиреги экономикалык кызматташуу болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн Касым-Жомарт Токаев Америка Кошмо Штаттарынын Казакстандагы элчиси Дэниел Розенблюм менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, эки өлкө коопсуздук, туруктуу өнүгүү, климат көйгөйү, гуманитардык байланыш жана башка да көптөгөн тармактар боюнча кызматташтык орноткон. Мамлекет башчысы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде Инвестиция тартуу боюнча кеңештин ишмердүүлүгүнүн алкагында аны бекемдөө зарыл экенин белгиледи. Тараптар соода, тоо-кен өнөр жайы, транспорт, логистика, ошондой эле, «жашыл» энергетика жана экология тармагындагы мамилелерди арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков