Тажикстандын агрардык ЖОЖда суу чарбачылыгынын заманбап лабораториясы ачылды

Тажикстандын агрардык ЖОЖда суу чарбачылыгынын заманбап лабораториясы ачылды

Тажик агрардык университетинде заманбап суу чарба лабораториясы ачылды. Окуу формасы дүйнөлүк стандарттарга жооп берген алдыңкы жабдуулар менен жабдылган. Бул жерде илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле студенттер, аспиранттар жана докторанттар үчүн гидравлика, гидрометр, гидротехника, механика, ичүүчү суу менен камсыздоо, айыл чарба жана мелиорация сыяктуу багыттар боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт. Мындан тышкары, чет өлкөлүк окумуштуулар менен биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Лаборатория суу ресурстарын башкаруунун колдоосу астында түзүлгөн. Бул Борбор Азия региону үчүн эң актуалдуу багыттардын бири.


Шахриер Саттаров, Тажик агрардык университетинин окутуучусу:


- Бул өлкөдөгү уникалдуу жалгыз лаборатория. Университетибиздин гидромелиорация факультети, эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоо үчүн зарыл болгон алдыңкы окуу формасы менен жабдылган. Бул жерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, мелиорация, суу чарба тармагындагы практикалык көндүмдөрдү жана билимдерди жакшыртуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков