Казакстандын билим сапатын баалоо тутуму дүйнөлүк стандарттарга ылайык деп таанылды

Казакстандын билим сапатын баалоо тутуму дүйнөлүк стандарттарга ылайык деп таанылды

Окуучулардын билим сапатын баалоонун казакстандык ыкмасы эл аралык аккредитациядан өттү. Бул тууралуу өлкөнүн окуу-агартуу министрлиги билдирди. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, 2 жылдын ичинде республика аккредитациялоонун 7 этабын ийгиликтүү ишке ашырды. Бул серияга баалоо алкагын иштеп чыгуу, тесттик суроолорду түзүү, тестирлөөнү иштеп чыгуу, тесттик тапшырмаларды тандоо, санарип платформасында тестирлөөнү башкаруу, натыйжаларды талдоо жана баалоо тутумун түзүү кирет. Жалпысынан аталган мониторинг боюнча сабаттуулуктун үч багытына баалоо жүргүзүлөт. Бул окуу, математика жана илимге байланыштуу талдоолор. Башкача айтканда, окуу программаларынын натыйжалуулугун, билим берүү системасынын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, анын сапатын жогорулатуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет. Жалпысынан, бул система PISA, TIMSS, PIRLS сыяктуу эл аралык изилдөөлөрдө колдонулган илимий негизделген алдыңкы ыкмаларга толугу менен шайкеш келет.

Динара Абилканова, Окуу-агартуу министрлиги билим берүү тармагында сапатты камсыз кылуу комитетинин башкарма башчысы:


- Эл аралык талдоо жана сертификаттоо илимий-изилдөө борбору менен кызматташуунун натыйжасында биз эки жылдын ичинде алдыңкы методдордун негизинде тесттик тапшырмаларды баалоо системасын өркүндөттүк. Башкаруу жараяны, билим берүүнүн жетишкендиктерин баалоо стандартташтырылган жана тиешелүү сапат белгисине ээ болду. Аккредитациядан өтүү билим берүүнүн сапатын баалоонун колдонуудагы системасын жаңы деңгээлге чыгарат. Башкача айтканда, эми ал Борбор Азия регионундагы биргелешкен долбоорлор үчүн негиз боло алат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков