Казакстанда рак оорусуна каршы дарыны каттоо даярдалууда

Казакстанда рак оорусуна каршы дарыны каттоо даярдалууда

Казакстанда залалдуу шишик оорусуна каршы биринчи дары жыл аягына чейин катталат. Андан кийин ал жеткиликтүү болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министри билдирди. Саясат Нурбектин айтымында, дарынын рынокко чыгуу мөөнөтү улуттук гана эмес, эл аралык талаптарды сактоо, ошондой эле клиникалык сыноолордун бардык этаптарын аяктоо менен байланыштуу. Алар дагы эле уланууда жана оң динамиканы көрсөтүп жатат. Белгилей кетсек, ата мекендик препарат Назарбаев Университетинин базасындагы Астананын Улуттук лабораториясында иштелип чыккан.


Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:


– Клиникалык сыноолор жүрүп жатат. Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги, Дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертиза улуттук борбору менен тыгыз иштешип жатабыз. Ал жакта абдан катуу регламенттер бар, ошондой эле ЕАЭБдин (Евразия экономикалык биримдигинин) кошумча стандарттарын да аткарууга аргасызбыз. Каттоо процедурасынан өткөндөн кийин, клиникалар аны колдоно алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков