«Болашак» стипендиясынын ээлеринин ысымдары белгилүү болду.
Аны 217 казакстандык алды. Бул эл аралык программа боюнча гранттарды ыйгаруу
боюнча жылдагы экинчи конкурс. Ал жаңы эрежелер боюнча өткөрүлдү. Ошентип,
талапкерлер үч баскычтуу сыноодон өтүштү - комплекстүү тестирлөө, маектешүү,
республикалык комиссиянын тандоосу. Көпчүлүгү магистратурада окушат, 13ү
докторантурада жана 37си дүйнөнүн мыкты университеттеринде такшалмадан өтүшөт. Ошол
эле учурда грант алгандардын жарымынан көбү табигый-техникалык дисциплиналарды
тандашты.
Ошол эле учурда
77 миңден ашуун казакстандык мамлекеттик билим берүү гранттарынын ээси болушту.
Белгилей кетсек, аларды бөлүштүрүүдө калктын социалдык жактан аялуу катмарынын
балдары, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү үчүн мыйзам тарабынан
белгиленген квоталар сакталат. Жогорку окуу жайларына мөөнөттүү кызмат өтөгөн
жоокерлер да кабыл алынды. Өлкөбүздө чет элдик университеттердин филиалдарын
ачып жаткандарга өзүнчө орун берилди.
Саясат Нурбек, Казакстандын
Илим жана жогорку билим берүү министри:
- Топ-3 багытка
педагогика кирет – бул адистикке 13 миң грант бөлүнгөн, маалыматтык
технологиялар жана жасалма интеллектке – 11 миң, ал эми инженердик адистиктерге
18 миң грант багытталган. Быйылтан баштап биз сейрек кездешүүчү адистиктерге
квота киргиздик – ветеринария, энергетика, суу чарбасы, ирригация, гидротехнология.
Которгон: Назира Бегалиева

