Казакстанда берилген дипломдор Азия-Тынч океан өлкөлөрүндө тааныла турган болду. Мажилис тиешелүү аймактык конвенцияны ратификациялады. Документ өлкөгө Азия-Тынч океан аймагынын улуттук маалыматтык борборлор тармагынын мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тармак катышуучу өлкөлөрдүн квалификацияларды таанууда маалымат алмашуусун камсыздап, студенттер менен окутуучулардын кесиптик жана академиялык мобилдүүлүгүн арттырууга багытталган. Бул катарда Кытай, Жапония, Корея, Түркия, Австралия жана башка өлкөлөр бар. Казакстан Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында биринчи болуп бул документти кабыл алуу ишин баштаганын айта кетүү керек.
Саясат Нурбек, илим
жана жогорку билим берүү министри:
- Ата мекендик жогорку
окуу жайларынын билим берүү кызматтарын экспорттоо рыногун кеңейтет. Башкача
айтканда, аталган мамлекеттерден азыр көп студенттер келе баштады. Улуттук
жогорку билим берүү системасына эл аралык ишенимди бекемдейт. Азыркы учурда биз
бүткүл Европа өлкөлөрү менен Лиссабон процессинин алкагында ушундай
кызматташтыкты орноттук. Казакстанда алынган дипломдорду Азия-Тынч океан
аймагында таанууга коюлган тоскоолдуктар жоюлат. Заманбап билим берүү
тажрыйбалары жана технологиялары менен алмашууга шарт түзүлөт. Биздин негизги
максатыбыз Казакстанда берилген дипломдорду бүткүл дүйнөдө таануу принциптерин
сактоо, кепилдик кылуу.
Казакстан ири
академиялык хаб катары таанылып келет. Өлкөдө 31 миңден ашык чет элдик студент
билим алууда. 2029-жылга чейин бул көрсөткүчтү 100 миңге чейин жеткирүү
көздөлүп отурат. Республика 40тан ашык дүйнөнүн жетектөөчү жогорку окуу жайлары
менен бизде өз өкүлчүлүгүн куруу боюнча келишим түзүшкөн. Бүгүнкү күндө өлкө
аймагында 33 чет элдик университеттин филиалы ачылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

