Казакстандыктар жаңы жасалма интеллект менен роботторун тааныштырышты

Казакстандыктар жаңы жасалма интеллект менен роботторун тааныштырышты

Бул уникалдуу ыкма аутисттик спектрдин бузулуусу менен ооруган балдарды реабилитациялоо үчүн иштелип чыккан - жасалма интеллектке негизделген робототерапия. Автору - Назарбаев университетинин инженери Анар Сандыгулова. Анын айтымында, роботту жасоо боюнча иш 2018-жылы баш калаанын балдар реабилитациялык борборунун базасында башталган. Ошентип, акылдуу жардамчы бала менен кантип сүйлөшүшү керек экендиги түшүнүктүү болуп калды. Робот көңүл бурууга жардам берет жана сүйлөшүүгө үйрөтөт. Эң чоң артыкчылыгы - бул көздүн деңгээлинде пикир алышуу мүмкүнчүлүгү, айрыкча көз менен көрүшпөгөн балдар менен. Долбоор буга чейин автордук укуктарды алган жана Швецияда жогору бааланган. АКШда жана Евробиримдикте патент алуу пландаштырылууда.


Анара Сандыгулова, Робототехника жана мехатроника кафедрасынын профессору:


- Роботто камералар бар, биз баланын канчалык жылмайганын, көз карашын аныктай алабыз.  Башкача айтканда, ал роботтун көзүнө карайбы. Биз мунун баарын жазып, окуп жаттык. Бизде мугалимдердикиндей ар бир сабакка структуралык план, иш планы бар. Мисалы, биз жомоктордон башташыбыз керек, анан «менен байланыш» оюнуна өтүшүбүз керек, ал жерде бала роботтон сурайт: «Сураныч, менин башыма, колума, бутума тий».


Ал эми Атыраудагы мектеп окуучусу дистанттык окутуу үчүн акылдуу роботту жасаган. Бекарис Ерикулынын аппараты видео сабактарды өткөрүүгө, окуу материалдарын көрсөтүүгө жана ал тургай буйрук боюнча кыймылдаганга жөндөмдүү. Конструкциясы колдонууга жеңил. Акылдуу жардамчы Bluetooth аркылуу смартфондон башкарылат жана Wi-Fi аркылуу видео байланышка чыгат. Окуучу мындай аппараттар мектептерде гана эмес, ооруканаларда, мамлекеттик мекемелерде жана тейлөө борборлорунда колдонулушу мүмкүн деп ишенет. Эми ал роботту жасалма интеллект менен жабдууну жана аны толугу менен автономдуу кылууну каалайт.


Бекарыс Ерикулы, долбоордун автору:


- Менин роботомум 5 жылдан 10 жылга чейин иштей алат. Менин буга чейин эле сайтым бар, ал аркылуу роботтун жардамы менен дарыгер же каалаган адис өз ишин аралыктан аткарып, кардарлар менен байланыша алат. Ал эми окуучулар жана мугалимдер үчүн бул байланышта болуу жана онлайн сабактарды өткөрүү мүмкүнчүлүгү.

Которгон: Назира Бегалиева