Казакстанда өнөр
жай, унаа жасоо жана курулуш тармагында 75 жаңы адистик пайда болду. Алардын
тизмеси өлкөнүн тиешелүү министрлиги тарабынан даярдалган жаңы кесиптер
атласынын алкагында бекитилди. Тизмеде роботтоштурулган тоо-кен техникасынын
оператору, санариптик долбоорлоочу, Big Data талдоочусу, «Акылдуу үй» тутумунун
дизайнери жана жогорку технологиялык өндүрүшкө багытталган башка дагы
адистиктер бар. Ошондой эле, 190 инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун
алкагында кайра иштетүү өнөр жайы тармагында кошумча 8 жаңы адистик пайда болот
деп күтүлүүдө. Жалпысынан, жетекчилик кылган тармактардагы кадрлардын жыл сайын
керектүүлүгү 40 миңден ашат. Бул учурда 40тан ашык көнүмүш адистик жаңы талапка
ылайык ыңгайлаштырылды: жумуш процесси автоматташтырылат, эми санариптик
көндүмдөрдү өздөштүргөн жумушчулар суроо-талапка ээ болмокчу. Ошондой эле
дуалдык система боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлүүдө.
Иран Шархан,
Өнөржай жана курулуш вице-министри:
- Өнөр жай
тармактары үчүн дуалдык окутуу 280ден ашык колледжде ишке ашырылууда. Ага 700гө
жакын ишкана тартылган. Ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин жана
меморандумдардын алкагында 30дан ашык билим берүү программалары ишке
ашырылууда. Натыйжада жыл сайын 13 миңге жакын жаш адис жумуш менен камсыз
болуп жатат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

