Тажикстанда «жашыл» экономика долбоорлору ишке ашырылууда

Тажикстанда «жашыл» экономика долбоорлору ишке ашырылууда

Тажикстан 2037-жылдан баштап толугу менен «жашыл» энергетикага өтөт. Бул үчүн республикада 7 жылдын ичинде кайра жанма энергия булактарынан энергияны толук өндүрүүнү камсыз кылуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент Эмомали Рахмон БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын Бакудагы 29-отурумунда билдирди. Бүгүнкү күндө Тажикстанда электр энергиясынын 98% дан ашыгы өлкөнүн суу ресурстарын эске алуу менен өндүрүлөт. Мындан тышкары, республика көмүр кычкыл газы эң аз чыккан өлкөлөрдүн тизмесине кирет. Ошондой эле Борбордук Азия өлкөсү мөңгүлөрдүн эришине өзгөчө көңүл бурат. Аларды коргоо боюнча республиканын демилгесин БУУнун Башкы Ассамблеясы колдоду. 2025-жыл «мөңгүлөрдү сактоо жылы» деп жарыяланып, аларды коргоо боюнча Траст фонду түзүлдү. Ал эми Дүйшөмбүдө дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун колдоосу астында жана башка өнөктөштөр менен биргеликте гляциология боюнча аймактык координациялык борбор түзүү сунушталды. Ал климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков