Парламент 2023-2025-жылдарга Улуттук фонддон кепилденген трансферт жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Документтин алкагында келерки жылы Улуттук фонддон бюджетке 2 триллион 200 миллиард теңге бөлүү каралып жатат. Кийинки жылдары каржылоонун көлөмү бир аз кыскармакчы. Тактап айтканда, 2024-жылы казынага 2 триллион теңге, 2025-жылы 1 триллион тогуз жүз миллиард теңге бөлүнөт. Аталган мыйзам долбоору менен Сенатта Улуттук экономика министри Алибек Куантыров тааныштырды. Анын айтымында, документти иштеп чыгууда Бюджеттик эреженин жаңы талаптары эске алынган. Мындан ары кепилденген трансферттин суммасы мунайдын макулдашылган баасынын негизинде аныкталат. Божомолдорго ылайык, ал мунай тармагынан Улуттук фондго түшүүчү тике салыктын көлөмүнөн ашпайт. Мында кара алтындын чектүү баасы 2023-жылы баррелине 48,9 доллар, ал эми 2024-2025-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша 42,2 - 40,3 доллар деңгээлинде белгиленди.
Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экономика министри:
Биздин болжолдоого ылайык, Улуттук фонддон алына турган кепилденген трансферттин көлөмүнө, чыгашалардын өсүү темпине, жогорку чекти белгилөө орто мөөнөттүү келечекте фискалдык тартипти жогорулатууга жана Улуттук фонддун үнөмдөө функциясын күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзам долбоорун кабыл алуу пландаштырылган мезгилде республикалык бюджеттин балансын камсыз кылууга жана Улуттук фонддун турукташтыруу функциясын ишке ашырууга шарт түзөт. Кароого сунушталган өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунун параметрлери, ошондой эле бюджеттин жана Улуттук фонддун болжолдуу параметрлери тең салмактуу жана экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү калыбына келтирүүгө жана турукташтырууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков