Казакстан Пакистандын рыногуна 411 миллион доллардан ашык суммага товардын 80ге жакын түрүн жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу Исламабадда Казакстан менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Ата мекендик ишкерлер дан жана буурчак, өсүмдүк майын, макарон, ун жана кондитер азыктарын экспорттоого, ал эми Пакистандан жашылча-жемиштерди алып келүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара байланышты арттырууга багытталган 9 документке кол коюшту. Белгилей кетсек, 2021-жылы Казакстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 2,1 эсеге өсүп, 95 миллион доллардан ашкан. Бирок өткөн жылдын 10 айында товар жүгүртүү 8,2%га кыскарганы катталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков