АЭС боюнча референдумга 12 миллиондон ашык казакстандыктар катыша алат

12 миллион 244 миң 683 адам республикалык референдум өткөн күнү Казакстанда АЭС курууга макул же каршы добуш бере алат. Жалпысынан тогуздун айынын 6сында өлкөдө 10 миңден ашык шайлоо участкалары иштейт. Мындан тышкары, казакстандыктар атайын онлайн-сервистердин жана байланыш борборлорунун жардамы менен, ошондой эле күнү, убактысы, орду, добуш берүү тартиби жана пайдалуу шилтемелери бар коопсуздук коду тууралуу маалымат менен чакыруу аркылуу биле алышат. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга чет элдик байкоочулар көз саларын белгиледи. Буга чейин бир эл аралык уюмдун жана беш чет мамлекеттин өкүлү болгон 13 адам аккредитациядан өткөн. Бул АКШ, Түркия, Азербайжан, Молдова жана Армениянын өкүлдөрү. Ошол эле учурда, аккредитацияга арыздар дагы келип түшөт жана тизме жаңыртылат. Ошондой эле БШКга бюллетендин бекитилген формасы сунушталды. Ал жакта казакстандыктарга жооптордун варианттары менен бир суроо берилет.

Которгон: Назира Бегалиева