Былтыр Астананын
өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 триллион теңгени түздү. Бул 10%дан ашык өсүштү
көрсөттү. Мындан тышкары, борбор калаанын экономикасына рекорддук 2 триллион
теңге инвестиция тартылды. Буга индустриалдык парктын салымы чоң. Өлкөдөгү эң
ийгиликтүү долбоорлордун биринин аймагында 140ка жакын ишкана иштейт. Эске сала
кетсек, Казакстандын Президенти өз кайрылуусунда экономикалык кыймылдаткычтарды
күчөтүү зарылдыгына көңүл бурган. Негизгилеринин арасында - инвестициялар, өнөр
жайды жана ишкердикти өнүктүрүү. Биринчи кезекте атамекендик жана эл аралык
рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү терең кайра иштетүү өнүмдөрүн өндүрүү турат.
Нуржан Ашимов,
Астана шаарынын инвестицияларды башкаруу жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн
жетекчиси:
- Бизде эки
фронт-офис иштейт, алар ар бир инвесторду, анын ичинде өндүрүш менен
алектенгендерди да, арыздан баштап ишке киргизгенге чейин коштоп жүрөт. Бул
Астананы өнүктүрүү борбору, ошондой эле шаардык инвестицияларды өнүктүрүү
борбору. Өткөн жылы акимчиликтин алдында акимдин төрагалыгы астында ар бир
инвестордун көйгөйлүү маселелерин караган аймактык инвестициялык штаб түзүлгөн.
Атамекендик
ишканалар импортту алмаштырууга өтүүдө. Алюминий профилдерин жана фиброцемент
панелдерин өндүрүү - мунун ачык мисалы. Бул материалдар турак жайларды,
социалдык объектилерди жана башка имараттарды курууда активдүү колдонулат.
Ишкананын дагы бир артыкчылыгы – өнүм толугу менен ата мекендик чийки заттан
өндүрүлөт, бул чыгымдарды кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет.
Максат
Садвакасов, Өнөр жай ишканасынын башкы мүдүрү:
- Биз дагы
импорттук материалдардан толугу менен арылдык. Башкача айтканда, Семей шаарында
фиброцемент заводу ачылып, алардын материалын биз өзүбүздүн заводдо иштетебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

