Брюсселде өткөн экинчи Глобалдык Gateway форумунда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан алдыңкы европалык каржы институттары — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту. Бул аталган өлкөлөрдө энергиянын кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө, электр тармактарын жаңылоого жана Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырууга инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.
Ерлан Аккенженов, Энергетика министри:
- Бул Казакстанды электр энергиясы
менен гана эмес, суу менен да камсыз кыла турган бийик тоолуу ГЭС. Бул
объектинин иштеши, өзгөчө суу-энергетикалык кызматташуу биз үчүн, албетте,
маанилүү, анткени Казакстан агымдын ылдый жагында жайгашкан. Биз үчүн түштүк
аймактарыбыздын вегетация мезгилинде суу менен камсыз болушу да маанилүү.
Хусейн Озхан, Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу
мүдүрү:
- Өз ара түшүнүшүү меморандумунда Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы үч өлкөнүн ар бирине: Казакстан,
Кыргызстан жана Өзбекстанга 1,5 миллиард доллардан 500 миллион доллар бөлүүсү
каралган. Бирок бул биринчи гана меморандум. Долбоорду аяктоо үчүн дагы көп
иштерди жасоо керек.
Форумда транзиттик
инфраструктураны өнүктүрүү дагы талкууланган тема болду. Катышуучулар Казакстан
Европа менен Азияны бириктирген Транскаспий жолунун негизги звеносу экенин
белгилешти. Бул каттамдын аркасында жүктөрдү жеткирүү убактысы эки эсеге
кыскарды.
Роман Василенко, Казакстандын
Белгиядагы элчиси, Казакстан Республикасынын Евробиримдиктеги жана Натодогу өкүлчүлүгүнүн
жетекчиси:
- Ошондуктан Ортоңку коридор
дегендин баасы, албетте, жыл сайын геометриялык жактан өсүүдө. Орто коридор
боюнча жүк ташуулардын көлөмү да геометриялык түрдө өсүп жатканы бекеринен
эмес. Бул каттам менен 2020-жылы 860 миң тонна ташылган болсо, былтыркы
көрсөткүч 4,5 миллион тонна, быйылкы көрсөткүч 5,2 миллион тоннага жетиши
күтүлүүдө. Бул көрсөткүчтү 2030-жылга чейин 10 миллион тоннага жеткирүү планы
бар.
Форумда энергетика жана
логистиканы өнүктүрүү Казакстанга инвестицияга гана эмес, алдыңкы технологияларды
ачууга да мүмкүнчүлүк берет. Бул өлкөнүн Европа менен Азиянын ортосундагы
стратегиялык борбор катары позициясын бекемдейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

