Астанада Атомдук
энергия боюнча эл аралык агенттиктин 5 күндүк серепчилик жыйыны өтүүдө.
Түркиянын, Пакистандын, Беларустун, МАГАТЭнин эл аралык талдоочуларынын жана
көзөмөлдөөчү органдарынын өкүлдөрү атомдук электр станциясын курууга
даярдыктарды талкуулашат. Ошондой эле, катышуучулар өзөктүк энергетика
программасын ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук базаны, инфраструктураны жана
эффективдүү жөнгө салууну өнүктүрүү маселелерин карашат. Чет элдик өнөктөштөр
менен тажрыйба алмашуу республикага алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алууга
мүмкүндүк берет.
Канат Туякбаев,
Энергетика министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси:
- Бул миссия биздин
МАГАТЭ менен гана эмес, башка өлкөлөрдүн көзөмөлдөөчү органдары менен да эки
тараптуу кызматташуубузду бекемдейт. Атомдук электр станциясын куруу
долбоорунун алкагында лицензиялоо, текшерүү жана уруксат берүү кандай
жүргүзүлүшү керектигин чогуу талдайбыз. Башкача айтканда, биз буга чейин мындай
жолугушууларды уюштурганбыз. Бирок алар бүтүндөй Казакстандын өзөктүк тармагына
арналган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

