Санариптик
өнүктүрүү министрлиги суу ташкынынан
жабыркаган аймактарга 30дан ашык Starlink терминалдарын жиберди. Бул жабдуулар
спутниктик байланыш аркылуу интернетке кирүүгө мүмкүндүк берет. Окуу процессинин
үзгүлтүксүз болушу үчүн биринчи кезекте мектептер терминалдар менен жабдылат.
Альбина Аткан, Санариптик өнүктүрүү жана аэрокосмос өнөр
жай министрлигинин расмий өкүлү:
- Санариптик өнүктүрүү
министрлигинен Костанай облусуна 30 Starlink терминалы, Актөбе облусуна 3
терминал, Батыш Казакстан облусуна 2 терминал, Улытау облусуна 1 комплект,
Атырау облусуна 6 терминал, Чыгыш Казакстан облусуна 2 терминал жана Түндүк
Казакстанга 3 терминал жөнөтүлдү.
Тармактык мекемеден билдиришкендей, учурда суу каптоодон
жабыркаган аймактарда уюлдук байланыш калыбына келтирилүүдө. Операторлор
иштебей турган жабдууларды алмаштырып, кооптуу аймактардан техниканы көчүрүү
жана дизелдик генераторлорду туташтыруу иштерин жүргүзүп жатат. Ага жүздөгөн
адис тартылды. Мындан тышкары, операторлор суу каптаган аймактардан
эвакуациялангандарды байланыш жана интернет менен бекер камсыз кылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков