Президент Касым-Жомарт Токаев Катардын эмири Шейх Тамим бен Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Ошондой эле, Казакстан президентинин үстүбүздөгү жылдын бирдин айында Катарга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга да көңүл бурулду.
Мамлекет башчылары Казакстан менен Катардын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экендиктерин ырасташты. Касым-Жомарт Токаев Катар эмири менен Астанада өтө турган ШКУ саммитинин алкагында жолугушууга ниеттенип жатканын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков