ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн улуттук электрондук санариптик кол тамгалары өз ара таанылат

ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн улуттук электрондук санариптик кол тамгалары өз ара таанылат

Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Мындан ары Биримдикке кирген өлкөлөр чукул фитосанитардык чараларды киргизүү үчүн сунуш бере алышат. Бул карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесине кирбеген зыяндуу организмдерге байланыштуу. Сенат ушул жана башка нормаларды камтыган ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду кабыл алды. Документте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуу да эске алынган. Ошону менен бирге өз ара товар алмашууга уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жоболорун оптималдаштыруу каралган.

Арман Өтегулов, Парламент Сенатынын депутаты:

Улуттук электрондук санариптик кол тамгаларды өз ара таануунун ченемдери киргизилет. Бул электрондук форматта жүргүзүлүүчү сатып алууларга катышууну камсыз кылат. Ошондой эле өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдайт жана товар өндүрүүчүлөрдүн экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт.

Казакстан менен Өзбекстан жарандары өз ара убактылуу каттоосуз бир айга чейин жүрө алат.

Ошондой эле, Жогорку палата Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы кирип-чыгууларды жеңилдеткен мыйзамды кабыл алды. Ошентип, протоколдо жарандардын экинчи тараптын аймагында болуу мөөнөтүн убактылуу каттоосуз 5 күндөн 30 күнгө чейин узартуу каралган. Документке ылайык, чек ара кызматтары берген миграциялык көзөмөл карталары алынып салынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков