Жошынын урпагы Абулкайыр казак хандыгынын түптөлүшүнө түздөн-түз катышкан. Буга далил булактар «Казак хандыгынын тарыхында Шибандар» аттуу жаңы китебинде келтирилген. Борбор калаада ушундай ат менен жарык көргөн жамааттык монографиянын бет ачары болду. Анда Жошынын кичүү уулу Шибандын азыркы Атырау жеринде төрөлүп, Тобыл дарыясынын боюнда хан болуп, сөөгү байыркы Сыганакка коюлганы айтылат. Ал өзүнүн түздөн-түз урпагы Абулкайыр өзбек хандыгынын башкаруучусу болгон деген пикирди да четке кагат. 15-16-кылымдарды камтыган жамааттык эмгекте жалпы коомчулукка белгисиз маалыматтар камтылган жана бул үй-бүлөнүн тарыхы баяндалган. Уч жыл бою Казакстан жана чет элдик окумуштуулар биргелешип жүргүзгөн изилдөөлөргө илимий жүгүртүүгө кирбеген архивдик документтер жана карталар киргизилген. Китеп казак жана орус тилдеринде басылып чыкты.
Бүркитбай Аяган, тарыхчы, жамааттык монографиянын илимий жетекчиси:
Шибани Абулкайыр Казакстанда туулуп-өскөн, Казакстанда жашайт. Бул китепти даярдоодо татар, орус, өзбек, тажик жана биздин Мамлекеттик тарых институтунун бир нече окумуштуулары катышты. Анда биздин тыянагыбыз айтып тургандай казак хандыгын түзүүгө Абулкайыр Шибани түздөн-түз катышкан. Абулкайырдын балдары кезинде «көчмөн өзбектер» деп аталып калган Мухаммед менен Махмут гана Самаркандга барып, Шибан уругу өзбек мамлекетин түзө баштаган.
Мамлекет башчысы жакында «Эгемен Казакстан» гезитине берген маегинде өлкөнүн тарыхында өзгөчө орду бар инсандарды урмат көрсөтүү салты улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты. Президент өлкө тамыры тереңге жатканын айгиленеген Жошынын 800 жылдыгына карата масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бул жаатта быйыл Казакстандын көп томдук тарыхы жарыкка чыгат. Бул ишке 200дөн ашык ата мекендик жана 60 чет элдик адистер тартылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков