Суу каптоого байланыштуу 85 миңден ашуун казакстандык коопсуз жайларга көчүрүлдү. Анын ичинде 30 миңдей бала бар. Өлкөнүн ӨКМнин маалыматы боюнча, апааттык-куткаруу иштери күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Ага 16 миң адам жана 2,5 миң атайын техника тартылды. 8 миллион куб метр эриген кар суусу тартылды. Мындан сырткары, жээкке кум, инерттүү материалдарды төшөө иштери уланууда. Эске сала кетсек, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен суу ташкынынан жабыркагандарга жергиликтүү акимчиликтер тарабынан бир жолку төлөм берилет. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев өкмөткө мамлекеттик материалдык резервди пайдаланып, тургундарга жардам берүүнү тапшырган. Өнөр жай жана курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен тургундар үчүн жаңы үйлөрдү куруунун комплекстүү планы түзүлдү.
Меруерт Ибраева, Өнөр жай жана курулуш министрлигинин расмий өкүлү:
- Пландын алкагында турак үйлөрдүн эки эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бири 80 чарчы метр 3 бөлмөлүү турак үй болсо, экинчиси жалпы аянты 160 чарчы метр болгон 2 батирлүү турак үй. Иштелип чыккан турак үйлөрдүн алгачкы алдын ала долбоорлору мамлекеттик экспертизадан өткөрүлөт. Бул бардык аймактарда типтик-долбоордук документация негизинде иштөөнү камсыз кылат. Бул иш келерки жуманын аягына чейин бүткөрүлүп, типтүү долбоорлор мамлекеттик экспертизанын корутундусу менен бирге epsd.kz сайтында коомчулукка сунушталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков