«Таза Казакстан» акциясына 6 миллиондон ашык адам катышты

«Таза Казакстан» акциясына 6 миллиондон ашык адам катышты

Казакстандыктар 2024-жылы бир миллион тоннадан ашык таштанды чогултуп, бир жарым миллиондон ашык бак-дарак отургузушкан. Бул республикалык «Таза Казакстан» акциясынын жыйынтыгы. Президент Касым-Жомарт Токаевдин аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү багытындагы масштабдуу экологиялык демилгеси өлкөнүн 6 миллиондон ашык тургунунун башын бириктирди. Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Мындан тышкары, акциянын өзү узак мөөнөттүү Концепция статусуна ээ болду. 2029-жылга чейин өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу боюнча бир катар иш-чаралар каралган.  Бул көмүртек полигондорун түзүү, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган системаларды ишке киргизүү, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу, тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча жаңы ишканаларды ачуу, ошондой эле табигый полигондорго космостук мониторинг жүргүзүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков