Балык чарбасын ачуу жеңилдеди

Балык чарбасын ачуу жеңилдеди

Мамлекеттик субсидия Алматы облусунун балык чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө болду. Ишкер Марлен Турсынали 10 жылдан бери Эшик дарыясынын жээгинде падыша балыктарын өстүрүү менен алектенип келет. Ал башкарган ишкана жылына 200 тонна форель өндүрөт.

Марлен Турсынали, ишкер:

- Азыркы учурда ошол суу жээктерде балык чарбасын өстүрүүгө уруксат берилип жатат. Бул биздин азыркы деңгээлде чечилип жаткан биринчи сурообуз. Экинчи маселе, балык чарбасын курууга кеткен чыгымдарды субсидиялоо. Учурда бул маселе да чечилип жатат.

Аймактын Балык чарба комитети атайын программа иштеп чыгып, 2021-жылы аймакта 3700 тонна товардык балык өндүрүүнү мерчемдеп жатат. Алдыдагы жылы бул көрсөткүч 6 миң тоннага жетүүгө тийиш.

Алмат Сүйеубаев, Балкаш-Алакөл облус аралык бассейндик балык чарбачылыгы инспекциясынын башчысы:

- Балык ала турган болсоңуз, анда анын 50% кайтарылып берилет. Сарпталган акчанын жарымы ишкерлерге кайтарылат. Тоют боюнча, учурда 30 пайыздык субсидия берүү маселеси каралып жатат. Мындан тышкары, кошумча жеңилдиктер мамлекет тарабынан каралууда.

Белгилей кетсек, Алматы облусунда балык өстүрүү менен алектенген 25 чарбачылык бар. Капчагай Африка фермасын кармаган ишканынын өзү эле жылына 10 миң тонна балык өндүрөт. Алынган өнүмдүн 60% Орусияга экспорттолот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков