Казакстандык айдоочулар айдаган 23 жүк ташуучу унаа Украинадан Казакстанга жөнөп кетти. Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Польшанын чек арасында дагы 7 жүк ташуучу унаа токтоп турат. Украинанын аймагында дагы 26 жүк ташуучу унаа калды. Бул айдоочуларды мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Эске сала кетсек, буга чейин тиешелүү мекеме кошумча документтери жок унааларды жана айдоочуларды өткөрүп берүү боюнча Польша жана Молдова бийликтерине кайрылып, «жашыл коридор» уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бизнес субъекттерге жана эл аралык жүк ташуулардын катышуучуларына жардам көрсөтүү жана маалыматтык колдоо үчүн жүк ташуу тармагындагы маселелер боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Кырдаалдык борбордун базасында тынымсыз байланыш ачылды.
call-центр: +7 708 088 0 800; +7 (7172) 98-35-35
WhatsApp: + 7 708 088 0 800
Которгон: Илгиз Жамалбеков