Куш таптоо байыртан келе жаткан мергенчилик салттардын төрөсү. Бүгүнкү күндө аны жоготпой, сактоочу мүнүшкөрлөрдүн саны көп эмес. Республикалык турнир Сыр-Дарыя облусунда биринчи жолу өткөрүлдү. Өлкө биринчилигинде салт билүүчүлөр жана жаш ышкыбоздор чогулушту. Кээ бирөөлөр үчүн бул турнир өз чеберчилигин көрсөтүүгө, ал эми кээ бирлери үчүн аталган өнөрдүн сырын үйрөнүүгө сонун мүмкүнчүлүк болду. Жырткыч кушту таптоо – бул чыныгы өнөр, анын сырлары жетиштүү. Эң негизгиси чыдамкайлык менен өжөрлүк керек. Бул сапаттарсыз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес, дейт борбор калаалык мүнүшкөр Серикбек Күнтуган.
Серикбек Күнтуган, мүнүшкөр:
- Тамак-аш таап берүү оңой эмес. Бүркүт күнүнө 1-2 кг эт жейт. Бир коёндун өзү ушунча килограмм чыгат. Мындан тышкары, аны дайыма машыктырып туруш керек. Каалоочулар көп, бирок буга ар кимдин эле мүмкүнчүлүгү, каалоосу боло бербейт.
Галымжан Өмиртай, турнирдин катышуучусу, Кызылорда облусу:
- Мен жаңы эле үйрөнүп жатам. Биз жаныбарым экөөбүз дагы эле бири-бирибизге көнүп жатабыз. Мындай учурда адам менен куштун ортосунда өзгөчө достук пайда болот дешет. Бул чындык. Бирок бүркүттү үйрөтүү башка, ал эми аны таптоо такыр башка. Эрежелери көп. Мен бул жерде алар жөнүндө биле алам деп үмүттөнөм.
Турнир эки этаптан турду. Жарыштын башында бүркүттү колго кондуруу болду. Андан кийин коён менен түлкүгө аңчылык башталды. Өлкө чемпионатына жалпысынан 12 аймактан 90 мүнүшкөр катышты.
Таттимбет Капулы, турнирдин катышуучусу:
- Анткен менен улуттук спорттун түрү жаштарды өзүнө тартып, чоң кызыгууну жаратат. Бул бизди абдан кубандырат. Мындай мелдештер улуттук каада-салтты, үрп-адаттарды мындан ары улантууга үйрөтөт.
Турнирдин уюштуруучулары менен күйөрмандарынын айтымында, улуттук салт Казакстандын брендине айланышы мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков