Каатчылыкка каршы чаралар боюнча оперативдүү штабдын кезектеги жыйынында Казакстан, Азербайжан жана Грузия министрликтеринин Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы каралды. Премьер-министр Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында тараптар жүк ташуучу компаниялардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашты. Азыркы учурда Кытай чек арасында жүктөрдүн тыгыны жок. Бул тууралуу «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын жетекчиси билдирди. Райымбек Баталовдун айтымында, Беларусь менен чек арада товарлардын токтотулушу тууралуу буга чейин жарыяланган маалымат тастыктала элек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков