Казакстандын президенти шахматты мектеп программасына киргизүү сунушун колдойт. Бул тууралуу президент дүйнө чемпиондору жана эл аралык гроссмейстерлер менен жолугушууда билдирди - деп маалымдайт Акорда. Мамлекет башчысынын резиденциясына Жансая Абдумалик, Динара Садуакасова, Бибисара Асаубаева, Гүлисхан Накбаева жана Шахмат федерациясынын жетекчилиги чакырылды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Шахматтын абдан популярдуу оюнга айланышын каалайм. Кээ бирөөлөр шахматты спорт эмес дешет, бирок мен аны спорттун өзгөчө түрү деп эсептейм. Себеби бул оюнда ар бир шахматчынын интеллектуалдык жөндөмү өзгөчө байкалат.
Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев өлкөдө спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана керектүү инфраструктураны түзүү боюнча бир катар сунуштарды укту.
Жансая Абдималик, Казакстандык шахматчы:
- Бизде учурда өлкөдө системалуу мамлекеттик колдоо жок. Менимче, бизге шахмат жана маалымат технологияларына багытталган мектеп-интернат керек. Мен бул маселени шаардын акимине да айттым. Алматыда мындай базаны куруп жатабыз, анда республиканын бардык аймактарынан келген балдар окуй алат. Эң таланттуу балдарды тандайбыз. Мектепте 1500 бала окуйт. Алардын 300ү адистештирилген мектеп-интернаттарда машыгышат.
Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Казакстандын кыз-келиндер курамасы Индияда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында ийгиликтүү оюн көрсөтөөрүнө ишеним билдирди. Буга кошумча президент мындан ары да шахматты өнүктүрүүгө колдоосун белгилеп, жаш спортчуларга эл аралык аренада ийгиликтерди каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков