Касым-Жомарт Токаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Казакстанда өткөн референдумдун жыйынтыгы чет элдик инвесторлордун өлкөбүзгө болгон ишенимин дагы да бекемдейт. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда билдирди. Расмий кабыл алууда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Аларга инфраструктура, транзит, декарбонизация жана каржы сектору кирет. Ошондой эле, дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Одиль Рено-Бассо өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана каржы системасын чыңдоонун келечектери боюнча өз пикирин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков