Тайландда казак маданиятынын масштабдуу концерти өттү

Тайландда казак маданиятынын масштабдуу концерти өттү

Өнөрдө чек ара жок! Буга Тайландда өткөн гала-концерт дилил боло алат. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекетинин тургундары казактын бай өнорү менен маданиятынын күбөсү болду. Жергиликтүү көрүүчүлөргө уникалдуу казак бийлери сунушталды. Анын ичинде сулуулугу менен көрүүчүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «Ак куу» бийи. Муну менен катар, «Арулар», «Кербез Сулу», «Кара жорго» бийлери аткарылды. Бардык улуттук бийлер конокторду түрдүү кийимдери, кайталангыс стили менен таң калтырды. Белгилей кетсек, сахнага «Катюша» жамаатынын эки жүзгө жакын жаш артисттери чыгышты. Аталган ансамбль казак бий өнөрүнө өзгөчө көңүл бурат. 

Ал эми эки кылдуу домбранын сыйкырдуу үнү өнөр сүйүүчүлөр коомун кең талаага алып баргандай таасир калтырды. Концертке 500дөн ашык көрүүчү чогулду. Алардын арасында эл аралык компаниялардын өкүлдөрү, дипломаттар жана тургундар бар. 

Арман Исетов, Казакстандын Тайланддагы элчиси: 

- Биздин маданиятыбызды жана салт-санаабызды көрсөтүү-бул казакстандыктардын жалпы сыймыгы. Бүгүнкү кече жаңы достуктун, түшүнүшүүнүн жана маданий көпүрөлөрдүн башталышы болсун. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков