Казакстан тайганы жана дөбөтү күнү пайда болду

Казакстан тайганы жана дөбөтү күнү пайда болду

Казакстанда жаңы майрам - казак тайганы жана дөбөтү күнү пайда болду. Аны өлкөдө жыл сайын аяк оона айынын 3дө белгилешет. Өкмөттүн тиешелүү токтому менен буга чейинки майрамдардын тизмесине толуктоо киргизилген. Демилге улуттук мурастын бир бөлүгү болуп эсептелген жана «Жети қазына» тобуна кирген казак иттеринин түпкү тукумдарын сактоого, жайылтууга багытталган. Белгилей кетсек, тайгандар өз ылдамдыгы жана чыдамкайлыгы менен адатта аңчылыкта колдонулган, ал эми дөбөттөр кылымдардан бери үйүрлөрдүн жана турак жайдын ишенимдүү күзөтчүлөрү болуп келген. Учурда бул породаларга болгон кызыгуу өлкөдө жана чет өлкөлөрдө өсүүдө. 2024-жылы казак тайганы эл аралык кинологиялык федерациянын алдын ала таануусуна ээ болуп, Казакстан анын породалык стандарттын ээси макамын алган.

Абзал Досыман, «Найза» коомдук фондунун мүчөсү:

– Тайган азырынча алдын ала өзүнчө тукум катары киргизилген. Бул породаны эл аралык деңгээлде толук таануу үчүн дагы 10-12 жыл талап кылынат. Тайган расмий түрдө таанылышы үчүн бир катар шарттар аткарылышы керек. Булардын арасында породалардын статистикасы, стандарт жана алардын кеңири жайылтылышы кирет — андыктан бул породага арналган өзүнчө майрам өткөрүү абдан маанилүү кадам болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков