Элечек дүйнөлүк рекорддор китебине кирди

Элечек дүйнөлүк рекорддор китебине кирди

Казакстанда дагы бир дүйнөлүк рекорд коюлду. Павлодар чеберлери бийиктиги 4 метр болгон алп элечекти тигишти. Адаттан тыш инсталляция Global Book of Records уюму расмий түрдө коопсуз жана эл аралык рекорддор китебине киргизди. Элечекке күмүш жана металл теңгеден сырткары 2 миңден ашык мончок саймаланган. Алардын арасында бермет жана ар кандай асыл таштар бар. Казак элинин салттуу маданиятында элечекти үй-бүлөлүү аялдар гана кийишкен. Бул алардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу макамын билдирген белги деп эсептелген.

Айжан Абсаттарова, «Казак апалары – салтка жол» РКБ Павлодар облусттук филиалынын төрайымы:

- Биз казактардын улуттук кийимдерин сахнада гана эмес, көчөлөрдө, күнүмдүк турмушта кийип, улуттук кийимдерди жайылтууну кааладык. Ушул эле максат менен бүгүн биз улуттук кийимдерибизди, баш кийимдерибизди элге, азыркы жаштарга көрсөтүү үчүн ар кандай типтеги казак элинин оймо-чиймелерин, дүйнөсүн, заманбап кийимдерин жайылтып жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков