Comic Con Astana 2024 фестивалы ачылды

Борбор калаада Comic Сon Astana 2024 фестивалы ачылды. Комикс, кинематография, видеооюндар, аниме жана башка заманбап маданий тенденцияларга арналган эл аралык иш-чара ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат. Кино-аниме жана сериалдардагы сүйүктүү каармандарынын образына кирген Астана тургундары менен коноктору өзгөчө атмосфераны жаратууда. Анткени алар көрүүчүлөр гана эмес, катышуучулар. Жалпысынан Comicon 5 негизги багыт боюнча өткөрүлөт. Бул жылы Азия бөлүмү өткөн жылдарга караганда көбүрөөк кеңейип, Жапония, Кытай жана Кытай маданияттарына басым жасалды. Фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү жаш курагына чектөө жок. Фестивалдын сыйлык фонду абдан чоң – мыкты катышуучулар 12 миллион теңгени өз ара бөлүшөт.  4 күнгө созулган иш-чарага катышуу үчүн Европа өлкөлөрүнөн, АКШдан жана коңшу мамлекеттерден коноктор келишти. Айрыкча Кытайдан келген катышуучулар көп - дешет уюштуруучулар.

Наталья Абрашкина, Comic Con Astana фестивалынын башкы продюссери:

- Бүгүнкү күндө гик маданияты ар дайым сизди колдогон жана кызыкчылыктарыңызды бөлүшө турган адамдар менен жолугушуу, табышуу жана достошууну билдирет. Андай кызыгуучулуктар көп болушу мүмкүн. Биз бир канча темалар менен чектелбейбиз. Бул бизди башка комикстерден айырмалап турат. Мурда ал комикстерге гана арналган. Бул фестивалдын чеги жок. Биз жөн гана гик маданиятына көңүл бурбайбыз. Ар бир адам өз кызыкчылыгына көңүл бурууга тийиш. Ал эми белгилүү бир кызыкчылык куракка же башка нерсеге карабайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков