Атырау облусунун Сарайшык шаарында байыркы күмбөздүн бир бөлүгү табылды. Тарыхый объект 15-16-кылымдарга таандык. Кыштан жасалган күмбөздүн куполу талкаланган. Бирок ага кирип-чыгуучу жабык коридор баштапкы абалында сакталып калган. Анын узундугу 170, бийиктиги 60 сантиметр. Бул коридордун жарым-жартылай казылган бөлүгү гана.
Амангелди Заинов, археолог:
– Мындай жол менен курулган күмбөздөр Сарайшык шаарында мурда да аныкталган, бирок алар катуу жабыркаган. Бул күмбөздүн өзгөчөлүгү анын дрому толугу менен сакталгандыгында. Толук сакталган көрүнүшкө карап, Сарайшык шаарындагы бул типтеги күмбөздөрдүн дромосунун кандай үлгүдө болгондугун көрө алабыз. Мындай типтеги күмбөздөрдүн коомдо кадыр-баркы жогору, белгилүү инсандар коюлганы анык.
Археологдор үч багытта казуу иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада бул аймактан коридорго туташтырылган чоң мүрзөнүн дубалдары да табылды.
Ерасыл Өмирбек, студент:
– Мен азыр күмбөздүн кире беришинин ооз жагында отурам. Мындан бул күмбөз үчүн сары жана кызыл кыш колдонулганын көрүүгө болот. Сары кыш – Алтын Ордо доорундагы эски кирпич, ал эми жаңы кыштар – ал кызыл күйдүрүлүп жасалган кыштар. Бул күмбөз сейрек кездешүүчү күмбөздөрдүн бири.
Бул Сарайшыктан табылган жалгыз тарыхый мурас эмес. Дромостун түштүк бөлүгүндө чарба бөлмөсү бар экени аныкталган. Ал жерден карапа кумуралар жана декоративдик буюмдар, Орто кылымдагы Алтын Ордонун тыйындары табылган. Келечекте археологиялык объект толугу менен изилденет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков