Казакстандык музыканттардын гастролу

Казакстандык музыканттардын гастролу

Казакстандын «Forte Trio» камералык-аспаптык ансамблинин Бразилиядагы гастролу аншлаг менен аяктады. Музыканттар төрт ири шаарда – Рио-де-Жанейро, Белема, Гоянияда жана өлкөнүн борборунда концерт беришти. Гастролдун жүрүшүндө пианист Тимур Урманчеев, скрипкачы Максат Жусипов жана виолончелист Мурат Нарбеков европалык классикалык музыканын шедеврлерин, ошондой эле казак эл ырларын жана азыркы казак композиторлорунун чыгармаларын аткарышты. Ошондой эле топ жергиликтүү музыканттарга мастер-класс өткөрүштү. Мындан тышкары, азыр казак музыкасы Бразилиянын оркестрлеринин туруктуу репертуарына киргизилмекчи.

Тимур Урманчеев, Мамлекеттик «Forte Trio» триосунун жетекчиси:

Биздин гастролубуз биринчи кезекте биздин өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды түзүүгө багытталган. Себеби, биздин өлкөнүн ырчылары, солисттери көптөн бери Бразилияда концерт бере элек. Ошого карабастан, биз маданияттар ортосундагы байланыштардын көп жерлерин таптык жана бардык концерттер аншлаг менен өттү.

Мигел Кампуш Нету, «Theatro Da Paz» симфониялык оркестринин жетекчиси:

Концерт мен күткөндөн да жогорку деңгээлде өттү. Абдан сонун. Бетховендин скрипкага негизделген концерти менен көп жылдардан бери иштеп келе жатабыз. Биз өзүбүз ойнодук. Бирок Forte Trio менен биргелешип иштөөдө жаңы идеялар пайда болду. Келечекте дагы кандай иштерди жасашыбыз керектигин түшүндүк. Солисттер менен оркестрди айкалыштыруунун жаңы ыкмасын көрдүк. Казакстандан келген бул үч мырзадан абдан таасирлендим.

Которгон: Илгиз Жамалбеков