Казакстан Junior Eurovision-2022ге даярданууда

Казакстан Junior Eurovision-2022ге даярданууда

Эл аралык мелдеш бештин айынын 11инде Армениянын борборунда өтөт. Анда 16 өлкөдөн келген катышуучулар күч сынашат. Атап айтканда, Албания, Франция, Грузия, Ирландия, Италия, Мальта, Голландия, Польша, Португалия сыяктуу өлкөлөр бар. Казак ырчысы өз мекенине арналган ырын аткармакчы.

Давид Чарлин, «JUNIOR EUROVISION 2022» сынагынын катышуучусу:

Даярдык абдан жакшы. Ыр жазылып жатат. Бир айдын ичинде ырга клип тартып, үлгүрөбүз деп ойлойм. Албетте, толкундануу, сүрдөнүү бар. Анткени бул чоң жоопкерчилик. Бирок мага ишенген күйөрмандардын жана мени «Junior Eurovision» сынагында Казакстандын атынан чыгууга татыктуу деп эсептеген көрүүчүлөрдүн үмүтүн актайм деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков