Казак тайганынын дарылык касиеттери бар. Буга «Номад» улуттук аңчылык клубунун мүчөлөрү ишенет. Борбор калаанын бирикмеси жаныбарлардын жардамы менен нерв оорулууларын реабилитациялоо долбоорун колго алды. Илимдин тилинде бул канистерапия деп атайт. Демилге көпчүлүктү кубандырууда. Азыртадан эле борбор калаадагы бир катар ден соолукту чыңдоочу борборлордон балдар келип, иттер менен ойношот. Адистердин айтымында, тайган менен бир саат сейилдөөнүн өзү, бир күн психологдун кабыл алуусунда болгондой таасир калтырат. Башкача айтканда, нервдерге пайдасы жакшы. Анткени казактын кумайыгы жүрүм-туруму жана жогорку нерв кызматы башка породалардан айырмаланып турат. Белгилей кетсек, жаныбардын уникалдуулугун эл аралык кинологиялык федерация да таанып, расмий каттаган. Бүгүнкү күндө өлкөдө үч жарым миңден ашык таза кандуу тайгандар бар.
Болат Кунанбаев, «NOMAD» улуттук аңчылык клубунун башчысы:
- Алгачкы жолу канистерапияны киргиздик. Ипотерапиясы менен бирге биз комплекстүү программа түздүк. Мунун максаты-мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү. Өзгөчө балдарды реабилитациялоонун мындай ыкмасы тайгандарга ылайыктуу деп ойлойбуз. Биз иттерди чыгарып балдар менен ойнойбуз. Тайган менен сейилдөө жалпысынан тестостерон деңгээлине, гормондорго таасир этет, стрессти азайтат. «Номад» улуттук аңчылык клубу муну социалдык долбоор катары акысыз ишке ашыруу чечимин кабыл алды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

