Казакстандык ишкерлер Кытайдын Цзянсу провинциясы менен бир катар экспорттук келишимдерге кол коюшту. Алардын жалпы баасы 20 миллион долларды түзөт. Ата мекендик бизнес айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытай Эл Республикасынын аталган аймагына жеткирүүгө убадалашты. Ири базарга эми мал азыгы, макарон жана кондитердик азыктар жеткирилет. Макулдашуулар Нанкин шаарында өткөн Казакстан-Цзянсу бизнес форумунун алкагында түзүлдү. Жолугушууда тараптар соода-сатык, өндүрүш дарамети жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырышты.
Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:
– Биз суроо талаптын негизинде Кытайдын провинцияларынын ар бири менен жеке байланыш түзүү үчүн Цзянсу провинциясына келдик. Чындыгында Цзянсу провинциясы 552 миллион доллардан ашык суммага товар импорттойт. Казакстандык ишканалардын бул облуска товарларын экспорттоого мүмкүнчүлүктөрү көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков