Шымкентте бөйрөк алмаштыруу боюнча 230-операция жасалды. Бейтаптын донору өзүнүн атасы. Мейиржан Маденге жети жыл мурун өнөкөт бөйрөк оорусу диагнозу коюлган. Дары-дармектер натыйжа бербей, акыркы айларда гемодиализге көз каранды болуп калган. Уулунун азап чегип жатканын көрүп, атасы ага жаңы жашоого мүмкүнчүлүк берүүнү чечкен. Азыр эки бейтаптын тең абалы жакшы.
Мейиржан Маден, бөйрөк реципиенти:
- Азыр диализден арылдым, бөйрөк алмаштырып, айтор адам катарына кошулганыма шүгүр. Экинчи өмүр берип, бул дүйнөгө кайра жаралган сыяктуу болдум чынында. Атама рахмат.
Нурылбай Мусабеков, бөйрөк донору:
- Ден-соолугум, Кудайга шүгүр, жакшы. Алгач оорукананын дарыгерлерине рахмат. Балам жаман эмес, жакшы. Кандай болсо дагы, коркуу сезими болду. Азыр жакшыбыз, кубанып жатабыз.
Шымкентте мындай хирургиялык операция биринчи жолу 12 жыл мурун жасалган. Азыр чет элдик бейтаптар да жергиликтүү хирургдарга ишеним артышат.
Сабитхан Байтемиров, №1 шаардык клиникалык оорукананын трансплантология бөлүмүнүн жетекчиси:
- Атайын текшерүүдөн кийин биздин бөлүмгө пландуу түрдө жаткырылды. Донордун ээси атасы. Генетикалык жана башка да текшерүүлөр боюнча шайкештик аныкталгандан кийин операцияга жаткырылды. Операция ийгиликтүү өттү.
Өткөн жылы Казакстанда органдарды алмаштыруу боюнча жалпысынан 260 операция жасалды. Учурда өлкөдө бөйрөк алмаштырууга муктаж 3,5 миң адам бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

