Казакстандыктар ихтиозаврды 2025-жылы көрө алышат

Казакстандыктар ихтиозаврды 2025-жылы көрө алышат

Казакстандыктар мезозой доорундагы эң байыркы деңиз рептилиясы Ихтиозаврдын скелетинин толук өлчөмдөгү моделин 2025-жылы көрө алышат. Эске салсак, 2016-жылы жаш геологдор өлкөнүн батышында 250 миллион жыл мурда жашаган жырткычтын сөөктөрүн табышкан.  Кийинчерээк динозаврдын бул түрү илим тарабынан эч качан тааныла электиги белгилүү болгон. «Казакстанозавр» деп аталган балыкка окшош кескелдирик сымал жырткычтын узундугу 6-7 метр, баш сөөгү бир метрден ашык, буту-колу эки метрге жакын, ал эми көзүнүн көлөмү 20 сантиметрге жеткен. Сойлоочулардын сөөк түзүлүшүн калыбына келтирүү иши менен Назарбаев университети алектенген. Университетте ихтиозаврдын жетишпеген бөлүктөрүнүн 3D-моделин түзүүгө киришерден мурун ал скелеттин келип чыгышын кылдат изилдеп, сөөктөргө илимий талдоо жүргузүлдү.

 

Рэнди Хазлет, Назарбаев университети тоо-кен иши жана жер тууралуу окумуштуулар мектебинин деканы:

 

- Биздин студенттер ихтиозаврдын скелетин сканерлөө жана басып чыгаруу менен алектенишет. Алардын канча сөөктөрү бар экенин билгенден кийин, бизге аны чогултуу үчүн убакыт керек. Андан ары, деңиз жырткычын коомчулукка тааныштыра турган музей ачуу пландалууда. Скелет коргоочу айнек чыныга жайгаштырылат. Анда ихтиозаврдын толук чогулган скелети болот. Жырткычтын көчүрмөсү университеттин атриумунда сакталып турат. Ал эми 3D форматын басып чыгаруунун аркасында желим нускасы жеңилирээк болот, ошондуктан аны абада бекитүүгө мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков