Казакстан менен Улуу Британия стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Казакстан менен Улуу Британия стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Сенат Казакстан менен Улуу Британиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Документ саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле тараптардын негизги тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган. Сөз, атап айтканда, инвестицияларды тартуу, энергетика, кайра жанма энергия булактары, санариптештирүү, агросектор, тоо-кен өнөр жайы жана «жашыл» экономика жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө болуп жатат. Ошентип, Казакстан 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү үчүн «жашыл» технологиялар жаатында британиялык тажрыйбаны өздөштүрүүнү көздөөдө. Мындан тышкары, макулдашуунун алкагында британиялык ЖОЖдордун филиалдарын ачуу, студенттер жана окутуучулар менен алмашууну кеңейтүү, илимий, маданий долбоорлорду ишке киргизүү каралган. Депутаттар белгилегендей, документ эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарып мындан аркы өнөктөштүк үчүн узак мөөнөттүү негиз түзөт.

Геннадий Шиповских, Парламент сенатынын депутаты:

– Улуу Британия Казакстандын экономикасына 23 миллиард АКШ долларынан ашык түз инвестиция салган эң ири инвесторлордун бири болуп саналат. Макулдашууну ратификациялоо биздин өлкөнүн болжолдуу укуктук чөйрөсү жана ачык бизнес жүргүзүү принциптери бар ишенимдүү өнөктөш катары кадыр-баркын бекемдейт. Бул аймактар үчүн капиталдын агымын, ошондой эле британиялык компаниялар жана университеттер менен түздөн-түз кызматташуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Казакстан жана Тажикстан кызматташтыкты күчөтүүдө

Сенаторлор дагы бир маанилүү эл аралык документти – Казакстан менен Тажикстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди ратификациялашты. Ал бир нече багыт боюнча – саясаттан жана экономикадан коопсуздукка жана гуманитардык чөйрөгө чейин кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган. Документ эки тараптуу мамилелердин союздаштык деңгээлине өтүшүн бекитет. Өлкөлөр, анын ичинде суу-энергетикалык чөйрөдө да өз ара аракеттенүүнү күчөтүшөт. Тараптар Борбор Азиядагы заманбап чакырыктарга каршы турууда да байланыштарды чыңдоону көздөөдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков