Казакстан Кытай менен энергетика тармагында инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүгө ниеттенүүдө. Бул багытта тараптардын биргелешкен долбоорлорунун дараметин өлкөнүн премьер-министри жана CNPC компаниясынын жетекчиси талкуулады. Маселен, буга байланыштуу Кеңкияк – Атырау, Кеңкыяк – Кумкөл мунай куурларын кеңейтүү боюнча чаралар каралды. Азыркы учурда эки өлкөнүн серепчилери керектүү эсептерди жүргүзүүдө. Олжас Бектенов менен Дай Хоулян «Бейнеу – Бозой – Шымкент» газ түтүгүнүн биринчи линиясын куруу жана ишке киргизүү боюнча ийгиликтүү ишке ашырылган биргелешкен долбоордун мисалында газ тармагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө токтолушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков