Ташкентте жаңы заманбап IT-борбор ачылды

Ташкентте жаңы заманбап IT-борбор ачылды

Ташкентте жаңы заманбап IT-борбору ишке кирди. Ал Өзбекстандын Улуттук изилдөө университетинин дубалында ачылды. Эң алдыңкы жабдуулар жана технологиялар менен жабдылган борбор студенттерге жана жаш адистерге IT тармагында билимин өркүндөтүүгө жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт. Аларга мында 70тен ашык багыт боюнча маалымат жана кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, веб-программалоо, дизайн, интернет-маркетинг жана 3D моделдөө боюнча атайын курстар өткөрүлөт. Ал эми бул тармактагы квалификациялуу адистер борбордо программаларды жана электрондук аянтчаларды иштеп чыгышат. Максаты – республиканын экономикасынын түрдүү тармактарына санариптик чечимдерди жана IT-технологияларды киргизүү. Башкача айтканда, бул заманбап комплекс татаал илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана санариптик өнүмдү иштеп чыгууга багытталган. Серепчилердин айтымында, бул Өзбекстанда санариптик экономиканы өнүктүрүүдө, IT инфраструктурасын чыңдоодо жана адистердин жаңы муунун даярдоодо маанилүү роль ойнойт. Борбор азыртадан эле өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн бир катар жаңы демилгелерди колго алууда.

Эьзоз Озодов, Техника илимдеринин доктору:

- Азыркы учурда маалыматтык технологиялар абдан активдүү өнүгүп келүүдө. Программалык камсыздоо иштелип жатат. Суу чарбасы дагы четте калбайт. Суу кайра калыбына келбей турган ресурс. Муну баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан керектөөнүн көлөмүн так көзөмөлдөө жана эсепке алуу зарыл. Ушул максатта институт «акылдуу университет» концепциясын сынап көрдү. АКШ компаниялары менен тиешелүү келишимге кол коюлду.

Баходир Тургунов, «Ташкент инженерлер жана айыл чарбасын механикалаштыруу институт» улуттук изилдөө университетинин изилдөөчүсү:

- Бул аппарат өлкө боюнча насостук станцияларда колдонулат жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыккан. Көрүнүп тургандай, мында станциянын модели жасалган. Ошондуктан адам сууну тазалоого байланыштуу так маалымат алууга жетише алат. Бул натыйжалуулукту болжолдоого мүмкүндүк берет. Аппарат бардык процессти автоматташтырууну камсыз кылат. Келечекте натыйжалуулукту арттыра турган программа иштеп чыгуу мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков