Өкмөт башчысы Жамбыл облусунун бир катар өндүрүш жайларында болду

Өкмөт башчысы Жамбыл облусунун бир катар өндүрүш жайларында болду

Казакстандык цемент Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстанга экспорттолот. Ташылган атамекендик курулуш материалы Жамбыл облусунда өндүрүлөт. Премьер-министр аймактагы иш сапары менен ишкананын иши менен таанышты. Завод жылына 1,3 млн тонна цемент өндүрүүгө жөндөмдүү. Өндүрүш объектисинде эл аралык стандарттарга ылайык DCS интеллектуалдык системасы киргизилген. Башкача айтканда, бардык технологиялык процесстер борбордон башкарылат. Өкмөт башчы Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан облустагы индустриалдык соода-логистикалык комплекске барды. Олжас Бектенов менен Кыргызстандын экономика жана коммерция министри биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Бүгүнкү күндө соода-логистикалык комплекстин аянтчасында сүт, эт, мөмө-жемиш, жашылча, текстиль, фармацевтика жана башка өнүмдөр үчүн кооперациялык долбоорлордун инфраструктурасы түзүлүүдө. Эми максат-жаңы өнүмдөрдү эл аралык товар өткөргүч тутумдарына интеграциялоо. Олжас Бектенов долбоор тараптардын өз ара соода жүгүртүүсүн 3 млрд долларга жеткирүүгө жаңы дем берерин айтты.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Бул индустриалдык соода-логистикалык комплекс товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Өнөр жай, логистикалык багыттагы маанилүү стратегиялык демилге. Баары убакыттын өтүшү менен жасалышы керек. Биз өз кезегибизде бардык милдеттенмелерди аткарып жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков