Казакстандын курама командасы Азия чемпионатында мыкты деген наамга ээ болду. Алматы облусунда улуттук ат спортунун бул түрү боюнча биринчи континенталдык мелдеш өттү. Мелдеште Азия өлкөлөрү менен катар Орусия жана Венгриянын спортчулары күч сынашты. Баш-аягы 10 өлкөнүн чебер оюнчулары талаа оюнунун үч ыкмасы боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү. Жалпы командалык таймашта жеңишке жеткен улуттук курама топтун мүчөсү Рахат Камбаров жеке таймашта эң мыкты тыйын эңүүчү наамына ээ болду. Белгилей кетсек, аталган чемпионаттын алдында тыйын эңмей эл аралык федерациясы түзүлдү. Ага азырынча Казакстан, Кытай, Монголия жана Венгрия мамлекеттеринин улуттук бирикмелери мүчөлүк кылат.
Ром Ауесхан, Монголия ат спорту федерациясынын төрагасы:
-Буга Корея да кызыкдар. Жаңы Зеландия, Бангладеш жана Болгария сыяктуу башка көптөгөн ат спортунун өлкөлөрү кызыгуучулук көрсөтүп жатат. Анын мындан аркы өнүгүшү Казак мамлекетине жүктөлүп жатат. Анткени бул өлкөдө ар бир райондо, облустарда улуттук спорт мектептери бар. Жыл сайын өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында ар кандай улуттук спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.
Амангелди Абдикадыров, тыйын эңмей эл аралык федерациясынын президенти:
-Мамлекеттер арасында, элдер арасында тынчтыкты жана кызматташтыкты чыңдайт деп ишенебиз. Экинчиден, бул тыйын эңмей спортунун Казакстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да жайылып, өнүгөт деген ойдобуз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков