Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жасаган экспорту эки эсеге өстү

Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жасаган экспорту эки эсеге өстү

Казакстандын Евразия экономикалык биримдигине катышуусу өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана тышкы соода байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт. Биримдиктин иштөө мезгилинде Казакстандын бирликтеги өнөктөштөрү менен товар жүгүртүүсү дээрлик 90% өстү. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү эки эсеге көбөйүп, 10 миллиард долларга жетти. Соода министрлигинин маалыматы боюнча, ЕАЭБдин алкагында соода тоскоолдуктарын жоюу боюнча иштер уланууда. Аныкталган 70 чектөөнүн 69у алынып салынды. Мындан тышкары, Кытай, Борбор Азия, Орусия жана Европанын ортосундагы негизги каттамдардын кесилишинде жайгашкан Казакстан үчүн бул транзиттик жана өнөр жай дараметин күчөтүү мүмкүнчүлүгү. Ошол эле учурда өлкө үчүн ташуулардын көлөмүн көбөйтүү гана эмес, ЕАЭБдин ичинде бизнес жана кызматташтык үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү да маанилүү.


Нурсултан Байтилесов, Парламент Мажилисинини депутаты:


– Бул маселе бизде ай сайын күн тартибине ар кандай тараптан, өнөр жай, өндүрүш, кайра иштетүү жана башка ушул сыяктуу тармактардан киргизилип турат. Чынында, азыркы геосаясий кырдаалда, негизинен, ар кандай союз, коңшу жана алыскы өлкөлөр менен болгон жакшы мамилелер абдан маанилүү. Себеби геосаясий кырдаал күн сайын өзгөрүп турат, башка өлкөлөр менен жакшы мамилелердин болушу Казакстан үчүн стратегиялык жактан абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков