Добуш берүү тизмесине киргизилген казакстандыктардын дээрлик 64% же 7 миллион 800 миңден ашуун адам АЭСти куруу боюнча референдумда добуш беришти. Бул тогуздун айынын 6сы, саат 20:00дө өлкө боюнча участоктор жабылгандан кийинки маалымат. Сандарды Референдумдун Борбордук комиссиясы жарыялады. Эң активдүү добуш бергендер Кызылорда, Түркестан жана Актөбе облустарында болду.
Белгилей кетсек, добуштарды эсептөө улантылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков