Казак күрөшү тууралуу китеп жарыкка чыкты

Казак күрөшү тууралуу китеп жарыкка чыкты

Казак күрөшүнүн тарыхы боюнча китеп жарык көрдү. Борбор калаада улуттук спорт тууралуу эмгектин расмий бет ачары болду. Спорт журналисти Акын Ордабай уулунун “Казак күрөшүнүн кара нарлары” китебинде улуттук күрөш тууралуу кызыктуу фактылардан сырткары, анын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон балбандар тууралуу буга чейин жарыяланбаган маалыматтар камтылган. Анда сак доорунан бери келе жаткан бел боо күрөшү боюнча жаңы маалыматтар келтирилген. Автордун айтымында, бул чыгарма спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызыктуу маалыматтардын топтому гана эмес, келечектеги балбандарга методика катары да пайдалуу болот. Эмгектин түп нускасы Улуттук китепканалар менен спорт мектептерине белекке берилет.

Акын Ордабай уулу, китептин автору:

– Бул китепте казак күрөшүнө салым кошкон 21 машыктыруучу тууралуу айтылат. Ар бир облуста айлык маянасы жетпесе да, улуттук спорттун бул түрүн кантип өнүктүрсөм деп, балбандарды даярдап, аларды дүйнө, Азия, Европа кубокторуна кошуп жүргөндөр бар. Улуттук спорт түрлөрүн жайылтуу менен гана биз дүйнөгө өлкөбүздү, байыркы салт-санаабызды тааныта алабыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков